2021-03-0818:23

Абылгазиевдин камалганы Сокени камоого камылгабы ... 

2021-02-19 16:05 464

Абылгазиевдин камалганы Сокени камоого камылгабы ... Шыбыр-шыбыр кептердин шыбыраганына караганда мурунку өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, мурунуку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековга каршы көрсөтмө берип көрсөтүп жатканы абактан сырткары чыга баштады. Эгер ал чындыкка дал келсе Сооронбай Жээнбековдун экс президенттиги март айы ичи алынып, досу, тосуп алуучусу Алмазбек Атамбаевдин жанына барып отуруп калышы мүмкүн. Серепчилердин серенадасында, кечээ күнкү Камчыбек Ташиевдин айтып жаткан чоң-чоң аткаминерлердин катарын бир тууган Жээнбековдор дагы бар деген, божомолдор пайда боло баштады. Калктын кебинде акыркы үч жыл аралыгында коррупциянын анабашчылары Сооронбай, Асылбек, Жусупбек Жээнбековдар бар экендиги айтылып келүүдө. Айта кетсек, Камчыбек Ташиев Баткенден чоң-чоң коррупционер аткаминерлер күн санап камала берерин айтып эскерткен.  


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү