2021-03-0819:32

Театр мечитке айланып бараткандай

2021-02-22 10:13 221

Театр мечитке айланып бараткандай. Күн көрүп, күн өткөзүп жаткан соң, көзүң көргөндөрдү көпкө көрбөй, көзү өткөндөрдү сагынып  калат экенсиң. Иштеген ишиңдеги заңкайган театр имаратында ошол көп жыл боюу көрүнбөй калгандардын үндөрү кулак кагыш болуп, жаңырып да кетет. Ушундан улам, театр мечитке айланып бараткандай. Эмне деген таланттуу залкарлар бул дүйнөдөн кетти. Алардын баскан-тургандары, адамдык мүнөздөрү каарман-образдары,ички дүйнөнү ачып берүүсү, жан дүйнөнү жанталаштырып жанга киризүүсү экранда гана калды. Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Бүбүсара Бейшеналиева, Төлөмүш Океев, Даркүл Күйүкова, Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Сүймөнкүл Чокморов, Чолпонбек Базарбаев, Болот Шамшиев.Төкөлдөштүн төрт кызы айта берсек көзү өткөндөрдүн саны арбып барат. Мына булардын акыркысы болуп Жамал Сейдакматова эжебиз да узап кетти. Театрыбыз эки дүйнөнү бириктирген, жалган менен чынды алпуруштурган ак үй мечитке бараткансыйт. Турмуш театры-мечити менен эсте калат. Эскерилип эстелик сымал эстен чыкпаган, урпактарга унутулбаган муун болуп кала берет.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү