2021-03-0818:08

Раимдин камалышы эмне менен аяктайт

2021-02-22 11:52 245

Раимдин камалышы эмне менен аяктайт. Мындай суроо коомчулукта пайда болду. Акчасы бар миллионер элди көтөрүп салбайбы деген божомолдор да жок эмес. Чындыгында, Раиммиллиондун 260 миң сом менен эркиндикке чыгып кетиши, элди бир топ нааразычылыкка салып, эски бийликтегилер менен салыштыргандарда арбып кеткен. Эми, Раим Матраимовду журналист Али улам бийлик кулагына салып жатып камашты десе, дагы бир тарабы Камчыбек Ташиевдин эрдиги деп баалашууда. Бул Раимдин камалышын спектакль деп көргөндөр да бар. Бардыгынан канча жылга Америка байкоо салган жемкор кесилет, кеп ошодо болот. Жыйынтык ошондо болчудай. Акыркы маалыматтарда Раим май айына чейин камакта болот. Учурда Раимдин ден-соолугу кескин начарлап кеткендиги маалыматка чыга баштады.  


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү