2021-05-0610:24

Кымбатчылык  кымбаттап эле баратат

2021-02-22 12:52 315

Кымбатчылык  кымбаттап эле баратат. Эл дагы сабырдуу экен. Эгер кымбаттоолор ушундай боло берсе, карапайым калк ачка калаарын сезсе дагы, Кудайга тобо кылып атышат. Бийликтегилер камоо менен алек. Бири-биринен шектенген чоңдор. Дегиле кымбатчылыкка саресеп салган өкмөт жоктой. Жаңы өкмөт башчы Улугбек Марипов бизнести өнүктүрүү жолун издеп, бизнесмендерге 24 саат убактысын бөлүп берди. Алгач карапайым эл менен жолугуп анан базар, соода, бизнес ээлерине барса болмок экен. Бензин баасы бир күндө эки сомго чейин көтөрүлдү. Жол кире 3 сомдон 5 сомго чейин Бишкекте көтөрүлдү. Эмгекке жарамдуулардын иши кыскарып жатат. Мындай кымбатчылыкка эл кантип жашайт. Ойлогон жан барбы? Социалдык маселелер маселеге айланса айланкөчөк март-апрель окуялары олуттуу болуп кетпейби....


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү