2021-04-1504:28

Ажо калп айтып жатабы же ажы калп айтып жатабы?

2021-02-24 12:29 784

Ажо калп айтып жатабы же ажы калп айтып жатабы? Кимиси калп айтып жатат? Мындай суроо коомчулукту бүдөмүчүлүккө салып жатат. Максат муфтийди ГКНБнын кызматкерлери шантаж кылган. Мындай кайрылуу менен Максатбек Токтомушев ажы,  кече күнү түндөсү социалдык түйүндөргө чыккан. Ажынын айтуусунда февраль айынын башында ГКНБнын тергөөчүлөр ири суммадагы акча талап кылуу менен 100 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын берүүгө өтүшкөн. Ошодой суммадагы акча берип жаткан видео жарыкка чыгып кетти. Муну Максатбек ажы шантаж кылуу, монтаж менен көрсөтүлдү деп, массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө көрсөтмө-кайрылуу менен улам чыгып жатат. Ошондой эле, өлкө башчысы Садыр Жапаровга туура эмес маалымат жеткенин айтып өткөн. Ал эми өлкө башчысы  Садыр Жапаров муфтиятта кылмыштын кылыктары бар экендигин мамлекеттик телеканалдын журналисттерине атайын интервью берип жатып, баса белгилеген. Ажо калп айттыбы же Ажы калп айттыбы? Аны убакыт көрсөтөт. Максатбек ажынын айтуусунда анын башкы бугалтери Жеңишбек ажы чын эле  ири суммадагы акчаны банк жүгүртмөсүнө койгону анык болгон.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү