2021-04-1505:11

Жалал-Абад курортундагы сууну ичип, эки жумада айыкса болот

2021-02-24 14:43 456

Жалал-Абад курортундагы сууну ичип, эки жумада айыкса болот. Бул суу, өзгөчө ашказанга дары экени айтылат. Аны ичээри менен дароо кекиртип, өзүнүн дарылыгын көрсөтөт. Жалал-Абад шаарындагы жаратылыштуу мисте токойунда жайгашкан, Жалал-Абад курортунда 1чи,5чи номериндеги суу туздуу келип, адамдын ашказанына шыпа келет. Сууну ичкенден баштап көзүң тунарып, көк желкең тырышып баштайт. Дарыгерлердин айтуусунда, кан басымы жогорууларга жардам бербегени менен ашказан оорусуна миңден бири. Эки жума аралыгында жыйынтык берет. Эртең менен ач карын, кечинде жатаарда чоң стакан менен эки жолу ичип туруш керек. Калган убакта, басып-туруп кичинеден ичсе болот. Бирок, көз тунарткан баш ооруну пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, атайын норма менен ичүүгө туура келет. Суу ичээри менен ашказанды тазалаганга өтүп, ич өтүп башында ичти козгойт.. Суу бул ден-соолуктун коюулантуусун  суюлтуп  туруучу зат. Аталган курорттогу Жалал-Абад суусу териге дагы шыпаа келип, адамды жашартат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү