2021-04-1505:00

Учурунда  ГКНБнын маалымат кызматчысы Р.Сулайманов жалган маалымат тараткан

2021-02-26 13:53 841

Учурунда  ГКНБнын маалымат кызматчысы Р.Сулайманов жалган маалымат тараткан. Мындай кылыктары үчүн Рахат Сулайманову болобу, же башында турганы болобу, жооп бериши керек. ГКНБнын жалган маалымат таратуусу “Кыргызнефтигаз” ишканасынын мурунку жетекчиси Рашид Бостоновдун үстүнөн болгон. Ушундай куугунтуктоо, жалган маалымат менен  башталган. 24 kg маалымат агенттигине “Кыргызнефтигаз” ишканасынын акционери Токтоайым Үметалиева жана жактоочулары Владимир Лисниченко, Айтурган Шамшиевалар, “Кыргызнефтигаз” ишканасынын жетекчиси Рашид Бостоновду ушундай жол менен каралап, кара күчкө салып ээлеген кызматынан кетирүү амалдары жүргөнүн массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө билдирүү таратышты. Жамандоо, каралоо жолдору мындай жүргөн: 1. Кримавторитет Чачтын кармалуусун Рашид Бостоновга байланыштырып, анын башында турат деген курулай каралоого жамынып ГКНБнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирүү тараткан. Ошону менен бирге Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын балдардын мушташынын башында туруп, ок чыгарган Акановдорду жактап, уруш-талаштын анабашчысы Бостонов кылып айтып чыккан. Муну Акановдар кайсы бир бийликтин каракүчү менен Р.Бостоновга каршы арыз жазышкан. Ушундай жасалма жол менен курулай кугунтукка өткөн.

2. Рашид Бостонов “Кыргызнефтигаз” ишканасын кирешелүү ишканага айлантканына карабастан 2021-жылдын ноябрь айында мамлекеттик эсеп палатасынан  текшерип кеткенине  көз жүгүрпөстөн, каратып туруп Хамданов аттуу жаранды түрмөдөн чыгарып, аталган ишкананы текшерүүгө аудит кылып дайындоого өтүп, Р.Бостоновдун аркасынан илинчек табуу аракетин көрө башташты.

 Бул ачык куугунтуктоо, коркутуу экенин “Кыргызнефтигаз”  ишканасынын акционери Т.Үмөталиева ачык билдирип, кримавторитет “Чач” боюнча   ГКНБнын тараткан маалыматын сотко берип, жыйынтыгында жалган экени тастыкталып, Бишкек шаарындагы биринчи май сотунан утуп алды.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү