2021-04-1504:47

Раимдин акчасына маарыгандар, артын карабай качып кетишти

2021-02-26 16:42 710

Раимдин акчасына маарыгандар, артын карабай качып кетишти. Кезинде, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын башында турган Мирлан Бакиров, Ибраим Жунусовдар, Раим Матраимовду көрмөксөн-билмексенге салып изин жашырып,  жашынып эки ооз сөзгө да жарыбай колдоо митингке чыкпай да коюушту. Элдин баары билет, кимдер Раимди айланчыктап акчасына, партиясына кызыгып, көз артып жүргөндөрдү. Эми ошолор иттик кылып, көздөн жаздым болушту. Өзгөчө, өзгөчөлөнүп кеткен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров, бир кезде өйдөлөтүп койгон “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевди аттап-буттап башын аттап  кетсе, Раимди каратып туруп “жаман” сатты да. Мына Раим баккан “Элиталар”. Дагы былтыйган  “Элиталар” да бар, аларды анан жазабыз.


автор: Баян

Бөлүшүү