2021-04-1505:46

Бийликтин “Мекенчил” партиясы шайлоого барбаганы менен,  бийликтин жаңы партиялары жаралат

2021-03-01 10:57 423

Бийликтин “Мекенчил” партиясы шайлоого барбаганы менен, бийликтин жаңы партиялары жаралат. Өлкө башчысы анткени менен, кошоматчы партиялар кошоктошуп келе берет. Бул биздин өлкөдө отуз жылдан бери көнүмүш адатка айланган. “Мекенчил” партиясы шайлоого аттанганбаганы менен “Ата-Журт” мекенчил партиясы шайлоонун сап башында турат. Бийлик башындагылар саясат кылабыз дегени менен мурунку эл жок, мурункуларды көрө берип, кийинки эл тажрыйбалуу болуп, саясатты алдын-ала сезип, акылына келип калган. Сокенин тушунда “СДПК”ны чанымыш этип, жаңы “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” бийликтин партиялары пайда болсо, кошоматчы “Кыргызстан” партиясы кошоктошконун ким билбесин. Бийлик айланадагы,  айланпадагы чөйрө болсо, эл деген мамлекет. “Бийлик бийлигимди чыңдагыча ушунтип турам”-деп турганын калайык-калк сезип, билип турат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү