2021-04-1504:33

Ошто 15 миң эл чогулду

2021-03-01 12:24 299

Ошто 15 миң эл чогулду. Бул жык-жыйма элдин талабы, камоодо жаткан Раим Матраимовду боштондукка чыгаруу болгон. Ошону менен кошо “Азаттык”, “Клооп” маалымат булактарын өлкөдөн чыгып кетүү талаптары да кошулган. Топтолгон  митинге КР ЖКнын депутаты Раим Матраимовдун агасы Искендер Матраимов башында турса, чыгып сүйлөгөндөрдүн катарына “Өнүгү-прогресс” партиясынан өтүп “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы болгон Мирлан Бакиров жетип келсе, Бакыт Жусубалиев менен кошо дагы эки депутат толуктаган. Жыйында бир нече талаптар коюулуп, бийликке кат түрүндө жөнөтүштү. Ошондой аталган митинг, мөөнөтсүз күнгө белгиленип, Ош шаарынан беш миң, Раим Матраимовдун колдоочулары Бишкек шаарына бел ашып келери да, баса белгиленди. Эмки кадам бийликте, элдин сүрүнөн чочуп Раимди коё береби, же өз позициясына туруп андан ары камайбы?


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү