2021-04-1505:35

КТРКнын башкы директорлук креслосу канчага бааланган... 

2021-03-01 13:20 556

КТРКнын башкы директорлук креслосу канчага бааланган... Ушундай кеп-сөздөр эл арасында тарады. Тарап кеткенинин себеби, соцсеттерге мурунку өкмөттүн маалымат катчысы Нургазы Анаркуловдун үнүнө окшош аудио жайылып кеткен. Анда КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы К.Болоткановдун 23000 миң доллар алганы, калган байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө 3000 миң доллардан таркатылганы ачык айтылган. Сүйлөшүүлөрдүн ортосунда 150,000 миң долларлык кызмат ордуна соодалашуу жүргөн. Сөздү Н.Анаркулов баштап, сөздүн этегине чыгып токтоткон. Эгерде байкоочу кеңеш ушундай кызмат көрсөтсө, чайкоочулугуна айланып-тегеренип кеткени көрүнүп турат. Бирок, бул аудио боюнча КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Айбек Карымов четке кагып, өзүнүн билдирүүсүн билдирген.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү