2021-04-1504:21

Алгачкылардан болуп айымдардын майрамы менен “moderator.kg” медия борбору куттуктады

2021-03-05 16:01 256

Алгачкылардан болуп айымдардын майрамы менен moderator.kg медия борбору куттуктады. Бишкек шаарындагы калайык-калкты, эл-журтту маалымат менен камсыз кылып келген “moderator.kg” маалымат борбору камдуулугун көрсөтүп, “Кырк айымга кырк гүл” аттуу акциясын, 5-март 2021-жылдагы “Калпак” күнүндө аялзатына көңүлүн буруп,асылзаадалардын көңүлүн көтөрдү. Аталган маалымат борборунун жетекчиси Куттумидин Базаркулов үйлөрдү кыдырып, айымдарга татыктуу кызыл гүлүн, китебин тапшырды. Алардын катарына СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева,мурунку эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, кыйынчылыкты болгон мүмкүнчүлүгү менен жеңген, эрки күчтүү Гүльзар Дүйшеновалар кирди. Мындай майрамдык маанайлар дагы уланып, ушул жылдын “9-май Улуу Жеңиш” күнүндө болмокчу.    


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү