2021-04-1505:22

Соттун аялы көңүлдөшүн багып жүргөн

2021-03-12 12:27 1148

Соттун аялы көңүлдөшүн багып жүргөн. Көпкөн кайсы бир соттун аялы, акчасын каякка чачарын билбей, “жашылбайлардан” туш тарапка чачыратып “чачыла” чачып келген. Жылдын он эки ай ичинде 24 жолу чет өлкөгө саякаттап, сайрандап келгенине караганда, бир айда эки жолу эки мамлекетке учуп барып келгенге үлгүргөн. Ошондой эле, акча таап берген сот күйөөсүнөн башка, көңүлдөш күтүп, ага билгизбей акча берип турган. Соттордун алдында адамдардын тагдыры турса, ал тагдырды акчага баалашып, Жараткандан өтүп акча менен чечип келишкени маалым. Өзгөчө, Биздин Кыргызстанда соттордун абийири төгүлдү. Алардан эл ишеними кеткен. Соттордун былыктары дагы ачыкка чыккыдай. Айлыкка жашабай, бирөөнүн тагдырынан байыган соттор,соттордун өзүн уят кылууда. Дагы бул маселеге ачык кайрылабыз.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү