2021-04-1506:03

Бөрк ал десе баш алган Б.Бөрүбашов... 

2021-03-12 13:42 467

Бөрк ал десе баш алган Б.Бөрүбашов... Чындыгында, ушундай суроо жаралып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Ал тургай кызуу кандуулукка алдырган кеп-сөздөр да чыга баштады.Бекбосун Бөрүбашов башында турган баш мыйзамдын жаңы долбоору ак үй ичиндеги депутаттарды да “кызыл чеке” кагылышууга алып келди. 2021-жылдын 9-мартында ак үй алдында өткөн митингде баш мыйзамдын жаңы долбоору Президенттик башкаруудан аша чаап “Хандык” бийликке алып бараткан айтып чыгышты. “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулованын айтуусунда өлкөнү башкарган Президентке эбегейсиз укук берилип, аны кызматтан алуу мыйзамы жок экенин айткан. Ошондой эле дайындоолор Президентке гана таандык экенин белгилеген. Сөз эркиндигине да чектөөлөр берилгени айтылган. Эгерде ушундай жол менен кете берсе жазылган баш мыйзамдын өмүрү кыска дегендер да жок эмес.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү