2021-04-1504:52

Акаевдин ордунда С.Ибраимов Президент болмок

2021-03-12 15:06 304

Акаевдин ордунда С.Ибраимов Президент болмок. Отуз жылдан бери, эгемендүү Кыргызстан өлкөбүзгө жарыган, жартылуу өлкө башчы таппай койгонубуз, тандаганыбыз жемкорлор чыкканы элдин зээнин кейитип турган учуру. Бул туурасында Россия өлкөсүнүн Президенти Владимир Путин дагы өз ойун ортого салып “кыргыз элинин шору”-деп баса белгилегени бар. Акаевдин мезгилинде аялы Майрам башкарды, Бакиевдин убагында бийликти баласы Максим алды, Атамбаевдин тушунда шопуру, күзөтчүлөрү күзүр чыгып туруп алды. Сокенин кезегинде шалдырап, элдин баарын кууратты. Анын убактысы, досун камаганга гана кетип, ошо менен кошо мөөнөтүн токтотту. Эгемен жыл башында 1992-93-жылдары Эгемендүү Кыргызстан өлкөсүнүн өкмөт башчысы болгон Турсунбек Чынгышевдин журналисттерге берген суроосуна, 1991-жылда өлкө президенти Султан Ибраимов болоорун айткан. Ал 1982-жылы киши колдуу болуп каза болгондо 52 гана жашта болгон. Ал эми 1991-жылы С.Ибраимов болгону 60 жашта болмок.Султан Ибраимовдан айрылгандан бери Кыргыз эли бир өлкө башчысына, өкмөт башчысына жарыбай келгенибиз анык. Эми андай киши качан чыгат, аны мезгил өзү көрсөтөөр.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү