2021-04-1505:51

Абактагылар үйгө чыкты

2021-03-19 14:15 646

Абактагылар үйгө чыкты. Мындай үй камагына чыккандардын ысымы ачык эле айтыла баштады. Үч күн абакта жатпай, камалган күнүн эртеси эле Раим Матраимов үй камагына чыгып, учурда кымбат баалуу жеке ооруканада  дарыланып жатканы айтылып келет. Дарыгерлердин билдирүүсүндө жүрөк оорусунун күчөп кеткени менен ооруканага түшкөн. Дагы бир ушундай диагноз менен абакта жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиев да жеке клиникада ооруп жатат. Байлардын жүрөгү ооруган заманы орун алды. Ошону менен бирге, мурунку өлкө башчынын аппарат жетекчиси Фирид Ниязовдун ооруп жатканы да айтыла баштады. Ал эми Алмазбек Атамбаев канчалык оорубасын, ал үй камагына чыкпайт өңдөнөт.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү