2021-04-1504:40

Баш мыйзамдын башчысы Б.Бөрүбашов болдубу...

2021-03-19 15:03 330

Баш мыйзамдын башчысы Б.Бөрүбашов болдубу... Кийин болгону курусун болуп, жоопкерчиликти ушул Бөрүбашов алмак болду. Жакында өлкө башчысы Садыр Жапаров “Азаттык” радиосуна берген маегинде, келе жаткан баш мыйзамга башы менен эл, анан анын түзүүчүлөрү жооп берерин белгиледи. Ошондо, баш мыйзамдын долбоорунун башчысы Б.Бөрүбашов башын канжыга байлап, сунуштаган окшойт. Аталган баш мыйзамга каршы чыккандар да арбын. Айта кетсек жакында, 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган баш мыйзам референдумуна каршы чыккан Тилекмат аттуу активист жигит камалды. Камоонун жүйөөсү ал соцсеттеги өздүк баракчасына элге чакыруу жасаган деген берене тагылган.  Эл аралык сересепчилердин белгилөөсүндө бул баш мыйзам долбоорунда бардык бийлик бутагы Президенттик бийликке топтолгон.


автор: Баян

Бөлүшүү