2021-04-1505:39

Тогуз-Тородогу “Өрнөк” мектеби

2021-03-19 15:50 372

Тогуз-Тородогу “Өрнөк” мектеби. 1953-жылдары Тогуз-Торо  районунунда алгачкы орто мектеп ачылса, анын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө Тайлак Абдылдабеков, Тоту Мойдунов, Данияр Залимтөрөев өңдүү райондун активдери кирген. Биринчи жолу “Казарман” орто мектебин он бир окуучу бүткөн. Ал эми 1966-жылдары райондордо мектептер ачылып, алардын катарына райондон үч чакырым алыстыкта турган “Өрнөк” башталгыч класстагы мектеби кирген. Анын алгачкы мектеп директору болуп Ак-Талаа районун Ак-Кыя айылынан Мурзалиев Садыр аттуу билимдүү инсан болгон экен. Мурзалиев Садыр Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, “Кызыл Жылдыз”орденин ээси болгон дешет. Ушул инсандын ысымы аксакалдардын арасында айтылганы менен Тогуз-Торо өрөөнүндө унутулуп бараткандай. Аны менен чогуу иштешкен,көргөн-билгендердин да көзү өтүп кеткендиктен, айтылбай белгиленбей калгандай. Мектеп мүдүрү Мурзалиев Садырдын атасы Мурзалы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя колхозунда башкарма болуп иштептир. 


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү