2021-04-1504:26

Бабурчик сен сүткорсуң!

2021-03-29 10:20 506

Бабурчик сен сүткорсуң! Мындай кайрылуу менен “Улуу журт” партиясынын Бишкек жергиликтүү кеңешине талапкер Барчынай Алимбекова “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Бабур Тольбаевге чыккан. Барчынай айымдын айтуусунда, Бабурчик таратып берген акчаларынын үстүнөн кырк беш пайыздан үстөк пул алып турганын баса белгилеген. Сулуу айымдын сөзүн көтөрө албаган Бабурчиги анын үстүнөн БШКга жана укук коргоо органдарына арыз берген. Кыз кишиге теңелип, үстүнөн түшөм деди өңдөнөт. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын талапкери, же бизде бийлик бар дегениби... Айтор, Сүткор Бабурчиги Сулуу айым Барчынайдын өзүн кайра түшүп айыптап, айыпка жыгам дей баштады. 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү