2021-04-1504:12

Бүгүнкү күндөгү кумшекер, ун, майга болгон баанын өсүшү элдин көйгөйүнө айланды

2021-03-29 12:08 470

     Бүгүнкү күндөгү кумшекер, ун, майга болгон баанын өсүшү элдин көйгөйүнө айланды.

     Жакынкы бир жума ичинде кумшекер баасы 15-25сомго өстү. Башкача айтканда 1кгдык кумшекер жөнөкөй дүкөндөрдө 47сомдон сатылып атса, азыркы баасы 70сомду чапчыды. Ушундай айырмачык унгада тиешелүү. 1кг ундун баасы 27сомдон 37сомго чейин кымбаттап атканына баарыбыз күбө болуп атабыз. Ал эми суу майдын 50%га көтөрүлүшү элди нааразы кылды. "Lalafo" тилкемесине өз кийимдерин чыгарып 1кгдык суу майга алмашам деп жарандар ачык айта баштады. Эски бийликти кетирип жаңысын алып келгенибиздин себеби: азык-түлүктүн кымбаттосу беле?

    Ун, май Казакстан, Россия мамлекеттеринен келип кымбат болуп жатат деп айтканыбыз менен коңшулаш өлкөлөрдө бул азыктарга болгон баа туруктуу экенин байкаса болот.

    Кызылча эгип, аны өзүбүздүн заводко өткөрүп жыйынтыгында өздүк кумшекер элге таралат. Кумшекер өзүбүздүкү болсо, анда эмне үчүн ага болгон баа жогору. Шайлоонун артынан шайлоо кыла бербей азык-түлүккө болгон баагы көзөмөл жүргүзсө жакшы болор эле.


автор: Инсан Куттумидинов

Бөлүшүү