2021-04-1505:16

Баягы Мирлан Бакиров чоң кызматка дагы чоңойду

2021-03-31 12:03 493

Баягы Мирлан Бакиров чоң кызматка дагы чоңойду. Баягынын баягысы калабы, баягылар, баягылардан кутулбай, баягылардын катарынан чыга албай койдук. Булар деле баягыларда демекчи ... Досу Бакыт Төрөбаевди таштай качып, “Өнүгүү” партиясын өгөйлөп, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы болгон Мирлан Бакиров эми Мамлекеттик мүлктөрдү колго алат. Ачык айтканда “Мамлекеттик мүлк” ишканасынын башкармасы болду. Мунун эмнесине кызыгышат деген элде суроо жаралды. Албетте, жаралбай коймок эмес. Эрлердин ээринен түшпөй жүрсө. Мүмкүн жакшы кызмат кылып берген “кызматкердир”. Ушул Мирлан Бакиров башында турган партия үчүн “Өктөбүр” революциясы болду беле. Эрлер, ээрге мингенден кийин, кантип келгендери эстеринен чыгып кеттиби. Ушулар боло берип, ушундайын койбогон замана. Чалакайыңдык!


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү