2021-04-1504:04

Кемпир-Абад кеттиби, Орто-Токой ортого колдонулабы?

2021-03-31 13:46 334

Кемпир-Абад кеттиби, Орто-Токой ортого колдонулабы? Ачык айтыш керек Камчы Ташевдин сөзүнө кулак салсак жагдай ушундай болду. Анын айткан сөздөрү массалык-маалымат каражаттарында чийдей тарада. Чет өлкөлүк медиалар дагы видеолорун көрсөтүп жазып чыгышты. Кандай  болгон күндө да, өз өлкөсүнө кайдыгер карабагандар, ал жерде чоңойуп өскөн окумуштуу-жазуучулар “Кемпир-Абад” кыргыздын жери экенин эстешип, ичтери ачышып жатканын, өздүк булактарда билдиришкен. Коопсуздук комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчы Ташиевдин билдирүүсүндө,  Көк-Серектен-100 гектар, Баястандан-212 гектар, Ак-Таштан-100гектар, Унгар-Тоодон-35 гектар, Кара-Белестен-25 гектар калганын белгилеген. Ал эми Камбар-Ата ГЭСи үч жылда бүтөрүн жар салган. Калк арасында талаш-тартыш талкуу жаралды. Айта кетсек, 2011-жылы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы “Орто-Токой” суу сактагычына Узбекистандын бир взвод аскерлери кирип алып, араң сыртка чыгарылган. Кошуна мамлекеттер Кыргызстандын сууларына, булактарына көп жылдан бери көз артып келишет.


автор: Баян

Бөлүшүү