2021-04-1504:45

Тымызың жүргөн Т.Бекбоевдин ишин тымызың карай баштады

2021-03-31 14:21 752

Тымызың жүргөн Т.Бекбоевдин ишин тымызың карай баштады. Мурунку Президент Сооронбай Жээнбековдун жанында жандап жүргөн, ак үйдөгү иш башкармалыгын жетектеп турган Турдуназир Бекбоевга азыркылардын укуругу жетти өңдөнөт. Бийликтин укуругу узун деп бекер айтылбастыр. Башын ийкеп, жолго салган Турдуназир Бекбоевду кандай иштери күтүп турат аны иш көрсөтөт. Албетте, бардык чарбалык-каржы маселесин карагандыктан иле турган илинчек тапкандыр. Акыркы учурда Жээбековдардын айланасындагыларга көчүктөрүн айлантканга да чама бербей, чабуул башталды. Балким, өздөрү эле колго түшүп берип жаткандыр. Кечээ эле Сокени агасы Кантөрөнүн  Гүлзат аттуу кызына “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, үй камагына чыкты. Дагы бир булактарга таянсак, эми Жээнбековдардын эжесинин баласы да кайырмакка илингендей. Ал жакында ачыкка чыгат.    


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү