2021-04-1505:44

Айланып келип бир тууган Жээнбековдорго жетмек болду

2021-04-05 08:27 2368

Айланып келип бир тууган Жээнбековдорго жетмек болду. Жакында алдамчылык беренеси менен мурунку  экс президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Кантөрө Токтомаматовдун кызы Г.Кантөрөева кармалып, 30 миң доллар доо койгонго төлөп берип, үй камагына чыкты деген куш кабар булактары чыкты. Буга чейин Сооронбай Жээнбековдун кеңешчилери, өкмөт башчысы камалганы белгилүү болгон. Учурда 2020-жылдын апрель-июль айларындагы  “коронавирус” күчөп турган кезде туура эмес көп суммадагы акчалардын жумшалганы туурасында айтыла баштады. Мунун башы бир тууган Сооронбай, Асилбек Жээнбековдарга барабы? Ошону менен бирге 19 жаштагы Үмүттүн өлүүсү, бир топ жарандардын көзү, буту-колунан айрылып майып болуп калышына түздөн-түз Сооронбай Жээнбеков күнөөлү дегендер да көбөйүп баратат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү