2021-04-1505:33

Кыргызстан революцияларына карата тегерек стол өтөт

2021-04-05 12:33 309

Кыргызстан революцияларына карата тегерек стол өтөт.

2021-жылдын 6-апрелде Бишкек  шаарынын  С.Ибраимов көчөсүнүн “Достук” мейманканасынын “Империал” залында эртең мененки саат 1000дө “Март, апрель, октябрь” революциясынын сабактары аттуу тегерек стол өтөт. Ага бийлик тармагы, КР ЖКнын депутаттары, коомдук уюмдар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдар, коргоо комитеттери,Эркин Кыргызстан жарандары, үч революциянын катышуучулары, апрель революциясынын баатырлары, массалык маалымат каражат өкүлдөрү катышат. Тегерек стол түз эфирде, онлайн, видео кайрылуулар менен өтөт.

Максаты: Кыргызстан өлкөсүнүн тарыхында 2005-жылдын 24-мартында он беш жыл бийликте турган Акаевдик бийликке каршы эгемендүүлүктүн биринчи революциясы болсо, экинчи революция Бакиевдин үй-бүлөлүк бийликке  каршы 2010-жылдын 7-апрелинде болуп, анда токсонго жакын өлкө жараны Ак үй алдында окко учкан. Эки ай өтпөй 2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгүндө Ош окуясы болгон. Анда жүздөгөн адам өлүп, бир топ өлкө жарандары дайынсыз болсо, бир нечелери жаракат алган. Ал эми өткөн жылы 2021-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосунда чыр чыгып, жыйынтыгында  “Октябрь” революциясы менен коштолгон. Ушул өткөн революция сабагы бийлик өкүлдөрүнө сабак боло алдыбы? Шайлоо,чек ара, үй-бүлөлүк, бийликте уюшуп алуу уюшкандык жоголуп жатабы? Революцияга алып келген маселелер, маселеге айланбай, ошонун айланасынан чыга алдыкпы? Мына ушул маселелер тегерек столдо эркин айтылып, ортого салынат.    


автор: Баян

Бөлүшүү