2021-04-1504:18

Кыргыз мамлекетинин жерлерин соодалашкан үчүн революциялар болгон

2021-04-07 10:44 344

Кыргыз мамлекетинин жерлерин соодалашкан үчүн революциялар болгон

Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстан өлкөбүз үч революцияны башыбыздан өткөрдүк. Ал революциянын башкы сөзү “бийлик башында эл” деп айтылып, эл бийликти кулаткан. Бийлик акылына келбегендиктен революцияларга жол ачыла берген. Жол ачылганы менен жолдуу болгон жок. Тескерисинче акылына келбеген бийлик революция сапарына өбөлгө түзүп берген.

Ата-бабалар сапар тартып кербен улап келген урпактын жолдору сатылды. Кең талаалуу, жаратылыш сырлуу Үзөңгү-куш кыргыз жеринен үзүлдү. Мамлекетибизге, элибизге рух, дух берген “Манас” баатыр чеп кылып каганатын кармаган “Каркыра” жайлоосу берилип кетти. Мына ушул эки жердин башка өлкөгө берилип кеткени элдин сай-сөөгүн сыздатып, козутуулар болуп революциялык жолго шарт түзгөн. Ошону менен бирге, буга улай бийликтин өзүм билем текеберлиги, төрөпейилдиги көрпенделикке алып келген. Биринчиси аялын мактап аял кишини кыдыртып кыздар Ата көрсөтүп алса, экинчиси баласын бапестеп аны хандын принци карата көрсөтүп, өлкө мураскери болуп алган. Үй-бүлөлүк башкаруу алардын башына тийди. Жакындарын “жанындай” көрүп, башкарып  жаткан өлкөсүнүн башын айлантмайга алып келип, мамлекеттин башын аттап аша чапкандыкка алып келди. Ал келин-келип тунгуюкка кептеген. Акырына Акаев Москвага качса, Бакиев Белоруссияга качты. Өз башына кепенде,артын карабай качып, өлкөсү кыргызстанды ойлогон эмес. Албетте, айта берсек сөз көп. Ушул сабактан улам мамлекет башчынын үй-бүлөсү керек болсо чогуу жаткан аялы эмес, анын урпак-мууну, эли жашаган мамлекети болушу керек. Сен жеринден айрылсаң, көрүстөн эстелигиңден да айрыласың. Кудайлаган жаныңды кара. Жер дагы жаткызбайт. Бири-бирине сабак болбогон 2005-жылдын 24-марттагы,2010-жылдагы 7-апрель революциялары кийинки бири-бирине бийликтерин эстофета-өткөрүп берүүсү сабак болдубу. Бул суроого да да жооп оңой эле табылды. Анын жыйынтыгы  2020-жылдын Октябрь революциясы көзгө сайып көрсөтүп койду. 2010-жылдын апрель революциясынын убактылуу бийлик ортосунда ырк кетти. Алар бири-бирин каматуу менен алек болушту. Бул ар кайсы жааттагы лидерлер экени менен түшүндүрүлгөн. Жыйынтыгында, калган эки  достун да чыры менен жыйынтыкталды. Ошол кезде мамлекеттик система , түзүлүшү башынан өзгөрүлүп, баш мыйзам кабыл алынып, Президенттик башкаруудан Парламенттик башкарууга өттүк дегенибиз менен, ал дагы ишке ашкан эмес. Парламенттик башкаруунун тушоосу кесилгени менен, баягы эле Президенттик башкарууга кептелип, тушалып келет. Кайрадан узурпациялык бийлик келген. Парламентке базаркомдор, соодагерлер, битин сыгып, канын жалаган бизнесмендер келген. Этегинде Парламент-чимкирик аталды. Онунчу жылдагы революция дагы оңкосунан кетти. Революция адамдык фактор менен баштылып,адамдык ресурс менен бүтөт. Абийир, адеп-ахлак, патриоттук, мамлекеттик, сезим болбосо өлкөдө өнүгүү болбойт. Өнүп келаткан нерсени өөлөп  албасаң эле өсүү турат. Биз үч революциядан өлкөдөн да өзүм бай болюун, мамлекеттен да мен менчиктүү болоюун деген өкө жетекчилерин көрдүк. Эми мындай  кара ниет кара күчтөгө жол жок. Бийликке жеттим, жей берем деген ичи тар, жемкорлорго жол жок. Биздин үч революциядан алган сабактарыбыз абийирлүү, адептүү, таза, чындык   бийлик керек. Жетишет. Өлкөнүн жерлери менен соодалашкандар! Каратып туруп калп айткандар, Кудайды карагыла. Элден барктуу эл башчы, калктан кадырлуу калк башчы болбойт.  


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү