2021-04-1505:22

Кыргызстанда болуп  өткөн 3 революциядан саясий элита сабак алалган жок

2021-04-07 12:47 347

Кыргызстанда болуп  өткөн 3 революциядан саясий элита сабак алалган жок.

Өзүңүздөргө  белгилүү болгондой Кыргызстанда 2005 жылы, 2010 жылы жана 2020 жылы үч жолу элдик толкундоолор болуп бийлик алмашты. 2005 жылкы революция регионалдык мүнөздө бологону да белгилүү. Себеби, ал кезде саясий партиялар өзүнчө таасирдүү күчкө айлана элек болчу. А. Акаев өзүнүн оппоненттерине карата баа берип, өлкөдөгү оппозицияны чогултса, бир автобус толбойт деп койчу.

         2005 жылкы революцияда жаштар оппозицияны колдоп кетишинин эки себеби болгон. Анын биринчиси А. Акаев өзүнүн уул-кызы Айдар менен Берметти парламентке депутаттыкка алып келүү аракетин айтсак болот. 100 миндеген жаштар Орусияда, Казакстанда мигрант болуп, үй-бүлөөлөрүн багып, эптеп күн көрүп жатышса, өлкөнүн биринчи адамы өзүнүн каракчечекей уул-кызын депутат кылганы жатканы өтө эле өөн кабылданган. Ошого жаштар А. Акаев өзү айтып жүргөн бир автобус толбогон, таасири аз оппозицияны колдоп кеткен. Экинчи бир себеби, Акаевдин режими оппозициялык кандидаттарды басып, парламентке өткөрбөй коюу аракети элди ого бешбетер кыжырдантып, алардын көчөгө чыгып кетүүсүн камсыздаган.   Мисалы. Кочкордон А. Жапаровду, Таластан Р. Жээнбековду, Жалал-Абаддан К. Бакиевди,  Өзгөндөн А. Мадумаровду, Сузактан Б. Эркинбаевди ж. б. парламентке өткөрбөй коюуу тапшырмасы аткарылып жатышы нааразычылыктарды жараткан.  Бул онуттон алганда 2005 революция кландык жана регионалдык мүнөздө болгон. Муну ошол революцияда активдуу роль ойногон саясий лидерлер жана саясатчылар да бир топ жолу ММКларда айтып чыгышкан.   

 Акаевдин режими урагандан кийин бийликке келген К. Бакиев кландык системасын колдоодон чоочуркап, өлкөнү толук бойдон көп партиялуулук системага өткөргөн. Бирок, К. Бакиев , А. Акаевчесинче өз уулун, тууган уругун ооздуктай албай, өлкө кайрадан авторитардык режимдин таасиринде калган. Бирок, 2010-жылкы реовлюцияда маанилүү ролду «Атамекен», КСДП ж.б. саясий партиялар ойногон. Себеби., саясий партиялар калыптанып, коомго таасир берип калган.

2020 жылдагы октябрь революциясы да парламенттик шайлоорлоду нааразчылыктардын негизинде болду. Бийликчил делген «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан»  партиялары парламенттик шайлоолордо 45 жана 46 мандатка ээ болуп, парламенттен 91 орунду ээлеп алган. Ал эми калган 19 мандат шайлоого катышкан башка партияларга калтырылган.   Буга макул болбогон саясий партиялар жана эл бийликке нааразычылыктарын билдирип, көтөрүлүп кеткен.

2020 жылкы октябрдагы бийлик алмашуусунан киийн, бийликти легитимдештируу өтө тааталл болду. Бийликке келгендер Конституцияны өзгөртүү маанилүү деп табылды. Парламенттин спикери, КР президентиинин милдетин аткаруучу Т. Мамытов атайы буйрук чыгарып консттитуциялык кеңешме тузуп, өлкөнүн Конституциясынын долбоорун иштелип чыкты. Жаңы конституциянын долбоорун 80 дептутат демилгелеген. Бирок. оппозиция, коомчулук, юристтер конституция мыйзамсыз кабылданып жатат деп, бул аракетерге караманча карышлык көрсөтүп жатты.

11 апрелдеги жергиликтүү шайлоолордо өлкөнүн жаңы консттитуциясы кабылданганы турат. Бирок, Венециялык Косимиссиясы, дүйнөлүк эл аралык уюмдар баары консттитуцияда көп мүчүлүштүктөр бар деп, аны оңдоону сунуштап чыгышты. Ага улай эле  АКШ, Батыш өлкөлөрү дээрлик баары конституциянын кемчилиги, кемтиги бар экенин айтып чыгышты. Ошону менен Кыргызстандын бул демилгеси жакшы баа албай, өлкө кандайдыр бир эл аралык изоляцияга кабылуу коркунучуна кабылагыдай болуп калды. Бул өтө жаман көрүнүш. Себеби, өлкөдө Ковид оорусу күндөн күнгө күчөп келатат. Кыргызстан бул ооруну жалгыз жеңе албайт.  Былтыркыдай дүйнөлүк коомчулуктун жардамына муктаж болот. Бугун революциялык ураандардын негизинде келип чыккан кустурация саясатынын негизинде өлкөнүн көпчүлүк бизнесмендери чоң залал тартып олтурат. Эгер Ковид күчөй турган болсо, быйыл карапайым элдин тагдыры кандай болот.   Көпчүлүккө айтылбаганы менен ковидден өлүп биздин граждандар өлүп жатканы баарыбызга белгилүү.

Эксперттердин баамында референдумдан кийин өлкөдө туруктуулук орноп, тынччылык өкүм сүрөт го деген үмүт бар эле. Бирок, кечээ жакында С. Жапаров 2010 жылдагы июнь окуяларын кайрадан иликтөөнү УКМКнын жетекчиси К. Ташиевге тапшырды. ошол кездеги УКМК экс-жетекчиси К. Дуйшобаев буга каршы өз пикирин билдирди. И. Исаков К. Ташиевди чек ара маселелери боюнча катуу сынга алып чыкты. Б.а бул көрүнүштөр саясий элитанын ортосунда ачык конфрантация башталганынан кабар берип жатат. Бирок, ошол эле учурда бүгүн бизге өлкөнүн туруктуулугу аба менен суудай керек. Себеби,  Кыргызстанда бүгүн кайрадан Ковид оорусу каптап келатат. Өлкөдө былтыркыдай абал түзүлүп калуу коркунучу бар. Ошого бүгүн бизге эки-экиден араздашпай, консолидацияга келүүдөн артык жол жок.  Биздин 3 жолу революция болсо да, өнүкпөй жатканыбыздын бир эле себеби бар. Ал биздин саясатчылар, саясий элита авторитардык башкаруудан баш тарта албай жатат.  Ким гана бийликке келбесин, айланып келип эле авторитардык башкарууга ыктап кетип жатат.

Ошондуктан бүгүн төмөндөгү талаптар коюлуп, алардын аткарылыштары шарт деп ойлойм.  Биринчи:  Өкмөт Ковид оруусунун жайылышын изилдеп, талдап коомчулукка ачык билдириши керек. Ошого жараша чечимдер кабыл аланышы керек.  Экинчи: Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук менен  өз калыбына келтирип, аны үзгүлтүксүз камсыз кылуу шарт.  Үчүнчүдөн: камоолорду токтотуш керек. Төртүнчүдөн, кустурацияны токтуу керек. Бешинчиден: куугунтук токтолуп, мыйзамсыз камалган саясатчылар, бизнесмендер, активисттер чыгарылышы керек. Алтынчы: бүгүнкү Өкмөт эч кандай программасыз иштеп жатат. Мындай дүйнөлүк практикада да жок. Өкмөт өз программасын иштеп чыгып, жарыялашы тийиш. Же болбосо, 11- апрелдеги референдумдан кийин С. Жапаров өз программасын коомчулукка жарыялашы керек. Өлкө, коом биздин каяка баратканыбыз, максаттары эмне экени билиши зарыл.

Көңүл бурганыныздарга чоң ырахмат.


автор: Табылды Акеров

Бөлүшүү