2021-04-1504:06

7-апрель куран түшүргөн күн болду

2021-04-07 14:18 174

7-апрель куран түшүргөн күн болду. Ушул күнү күмбөздөргө гүл койчу күн. Андан башка айла жок. Бирөө өлмөйүнчө бирөө күн көрбөйт. Мында баягы бийликтегилер эле күн көрдү. Азыр деле ошол бийликтегилер жүрөт. Жүрөгүңдөн кан агызып, балдардын өлүмүн эстеп, ачуу чындыкты айтканда, кыйылган өмүрлөр, кетирдик деген бийлик дагы эле Ак үйдүн жетинчи кабатында отурат. Ошол кездеги Президентин аппараты, идеологу, күзөтчүлөрү дагы эле жүрбөйбү. Өлкө үчүн кеткен өмүрлөрдү, бүгүнкү күнү кызыл менен белгилеп, бийлик майрам- шоу күнгө айландырды. Көрсө зулумдук болуп келген бийликте бет жок. Бети болсо, ошондогу бийликтегилерди кайра бийликке кайтарып келет беле. Бул көргөн күн, түш көргөн күн. Каза болгон балдардын тирүүсүндөгү өмүрлөрү түштөн кетпейт. Түштө дагы эле алар Ак үйдү айланчыктап жүрөт. Анткени, тирүүсүндө көргөндөрдү өлүмүндө да көрүп турат. Ак үй өзгөрүлгөн жок. Баягы, баягылардын күлкүлөрү, каткырыктары дагы дубал жарып чыгат. Ошолор карапайым калкты башкарып жүрөт айлананы айлаккөчөккө айландырып, өлүм бар алмашуу жок. Арбактардын тилеги аткарылбай келет.

Кудай деп айткандар! Кудайды карагыла! Өмүргө караганда...өлүм жакын турат Кудайга!

Өлгөндөр ыраазы болмоюнча өлкө ыраазы болбойт.


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү