2021-05-0609:54

Бакиевдин тобу топтолуп жатабы?...

2021-04-12 10:13 2133

Бакиевдин тобу топтолуп жатабы?... Айтпаса да, дебесе да түшүнүктүү. Түшүнүктөр көзгө көрүнө баштады. Бакиевдин командасы акырындап мамлекетти башкара баштады. 2007-жылы Бакиев өлкө башчы кезинде азыркы өлкө башчы Садыр Жапаров комиссар, Камчыбек Ташиев ал кезекте өзгөчө кырдаалдар министри, Бектур Зулпиев президенттик администрация башчысынын орун басары, Нариман Тюлеев Бишкек шаарынын мэри болгон. 2010-жылдын 10-апрелинде Курманбек Бакиев  ак үйдө турганда ок атылды дегени менен ал үйгө кызмат кылгандар, бүгүн ак үйдүн төрүндө төрлөп турушат. Ошону менен бирге ал башкарган Президенттик башкаруу кайрадан Садыр Жапаровдун колуна тийди. Россия Президенти айткандай “кыргыз эли шорлуу эл экен”. Отургандар куулуп, кеткендер келе берген үч революция болду. Ушундан улам революция максатына революциягыдай жетпей келет. Акыркы октябрь революциясында 19 жаштагы Үмүт өлдү. Бул дагы бир нерседен аяндуу-аянычтуу кабар бергендей.   


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү