2021-05-0610:48

Киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө

2021-04-12 11:39 431

Киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө. Жума өтпөй, өткөн жумага кайрылсак 27 жаштагы Айзаданын өлүмү көпчүлүктү козгоп, өкмөт башчыга “позор” деген кыйкырыктар жабалактап жиберди. Ак үйдүн алдына чыккан  топ эл, ички иштер министрин отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Учурда 12 ички иштер кызматкер-чиновниктери кызматтан кетип, 32 кызматкерге “сөгүш” берилген. Акыркы күндөгү киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны арбып барат. Күйөөсүн балка менен балкалап салган аялдын обройу да чыкты. Ал уктап жаткан күйөөсүн өлтүрүп, төркүнүнө төркүлөп кеткен. Андан мурун агасы бир тууган инисин өлтүрдү деген суук кабар эл арасына тараган. Өзгөчө мындай кырдаал үй-бүлөгө байланыштуу окуялар болгон. Аксы районунда 14 жаштагы кыз тайкесинен “боюнда” болуп төрөгөнү да айтылып чыкты. Мындай көрүнүштөргө кандай бөгөт коюш керек.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү