2021-05-0610:20

Өлкө башчы баштаган салтанат мамлекеттик “гимни” жок башталды

2021-04-14 11:46 1016

Өлкө башчы баштаган салтанат мамлекеттик “гимни” жок башталды. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президент Садыр Жапаров катышкан “Бишкек” баатырдын ачуу айкели мамлекеттин сомволу болгон “ГИМН” жаңырбай, аягында “ГИМН” жок бүттү. Бул билбестикпи же башка түшүнүкпү. Ак үйдө, эстелик ачууну  уюштургандар ошол “түшүнүк” менен жашайбы... Ал жерде өлкө башчы баш болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик чиновниктер, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, ардагерлер, окумуштуулар,чет өлкөнүн өкүлдөрү да катышты. Ушундай салтанаттуу, ораторлордун айтуусунда тарыхый ачылыштарда “мамлекеттик гимни” жаңырса туура болмок. Ушундай күбүр-шыбыр кептерди мамлекеттик аксакалдардан угуп калдык. Келгендер бири-бири менен кучакташып учурашты, сүйлөчүлөр сүйлөдү,ойундагыларын айтышты. Кана “мамлекеттик гимндин” ролу. Дегиле, салтанаттуу ачылыштар “Гимн” менен башталып “Гимн” менен бүтсө... башка түшүнүк болбосо...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү