2021-05-0609:07

Үч миллион шайлоочу референдумга каршы чыкты

2021-04-14 13:29 1842

Үч миллион шайлоочу референдумга каршы чыкты. Мындай билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  мурунку депутаты Исхак Масалиев айтып чыкты. Анын кебинде жергиликтүү кеңештердеги шайлоолор 2020-жылдын 5-октябрындагы Жогорку Кеңештин шайлоосун кайталаган. Эч өзгөрүү болгон эмес. Ошондогу эле сатып алуу, административдик ресурс колдонулган. Бийликтин партиясы деген “Мекенчил” катышпаганы менен, өздөрүн бийликтин партиясы дешкен “Ата-журт Кыргызстан” партиясы үстөмчүлүк кылып Жалал-Абад шаарында 60% пайызды, Ош шаарында 50% пайызды камсыздай алган. Ал эми борбор Бишкек шаарында аталган ал партияга үлкөң бизнесмендердин партиялары “Эмгек”, “Ак Бата”, “НДПК” партиялары жол берген эмес. Учурда жеңүүчү үч партия Бишкек шаарынын мэрлигине Нариман Тюлеевди көрсөтүп жаткандарды айтыла баштады.


автор: Баян

Бөлүшүү