2021-05-0610:10

Чек ара маселесинде чыр чыкты

2021-04-16 11:41 674

Чек ара маселесинде чыр чыкты. Чекара маселеси боюнча төрага, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычтан 50 гектар жер Узбекистанга кетти дегенинен бери Өзгөн районунун жашоочуларынын тынчы кетти. Алар Камчыбек Ташиевге нааразы болуп, анын негизинде келип кетүүсүн талап кылышууда. Кечээ күнү мамлекеттик атайын түзүлгөн комиссияны жергиликтүү эл жолдорун бууп иштетишкен эмес. Кемпир-Абад жашоочуларынын айтуусунда ата-бабалар жашап келе жаткан жерден 50 гектар эмес 50 сантиметр жер беришбей турганын талап кылышууда. Учурда боз үйлөр тигилип, Камчыбек Ташиевди суурданган элеттиктер күтүүдө.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү