2021-05-0608:53

Кыргызнефтегаз жетекчиси М.Турганбаев алдамчылык жол менен креслосуна отурган

2021-04-16 13:16 696

Кыргызнефтегаз жетекчиси М.Турганбаев алдамчылык жол менен креслосуна отурган. Мындай билдирүү менен “Кыргызнефтигаз” ишканасынын акционери Токтайым Үметалиева жар салды. Мелис Турганбаев алдамчылык, мыйзамсыз, рейдерлик менен кызматты ээлеп турганы боюнча сот процестери жүрөт. Мурунку аталган ишкананын жетекчиси Рашид Бостоновдун анык кол жазма арызы жок, аны кызматтан бошотулду деген жүйөө менен, кесилип абакта отурган Хамданов аттуу жаранды түрмөдөн чыгарып мурунку жеткечи Бостоновдун үстүнөн текшерүү жүргүздүргөн. Этегинде, этеги булганган соттолгон Хамданов аудит текшерүүсүнөн баш тарткан. Хамдановдун соттолгону Бишкек шаардык соту тарабынан аныкталып, эки жылга шарттуу түрдө кесилген. Ушунун натыйжасынан Хамданов аудиттик-тешерүүсүндөгү кагазга кол коюлган эмес. Кол коюудан Хамданов күнөөсүн сезгендиктен корккон. Дагы бир жагдай, УКМКнын мурунку маалымат катчысы, учурдагы 5-каналдын жеткечиси Рахат Сулайманов Бостоновду “Чач”аттуу криминалга жабыштырып  жалган жалаа массалык маалымат каражаттарына тараткан. Мындай жалган маалымат үчүн, Токтайым Үметалиеванын айтуусунда сот процессинде Рахат Сулайманов миллион сомго айып пул төлөшү мүмкүн. Жакында Кыргызнефтегаз ишканасынын мурунку жетекчиси Рашид Бостонов соттон утуп алып кайра кызматына келиши ыктымал....


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү