2021-05-0609:59

Кымбатчылыктан калктын кабагы бүркөө... 

2021-04-16 14:51 190

Кымбатчылыктан калктын кабагы бүркөө... Эгер мындай азык-түлүккө баа көтөрүлө берсе, ачарчылык болобу деген суроо калк арасында пайда боло баштады. Күндөн-күнгө баа өсүүдө. Күндө керектелүүчү дан тамактарына 200-300сомго чейин кошулса, май, чай, кумшекерге 50 сомдон, жер жемишке 40 сомдон жогору жогорулап кеткен. Ал эми бүгүн көргөнүң эртең жок болуп, бензиндин баасы жаз-мезгилинен бери 50%пайызга өскөн. Эл арасында эт жебей калгандардын  саны арбып баратат. КР ЖКнын депутаты, экономист Акылбек Жапаровдун айтуусунда таксиге түшкөн адамдар кескин кыскарып, жокчулук-жетишпегендиктин айынан эшелондолуп Россияны көздөй агылгандар көбөйдү. Бийликтегилер кымбатчылык боюнча атайын алдын-ала программаларын айта элек. Өкмөт башчы Улугбек Мариповдун калкты кыдырганы менен кадыры жок болуп жатат.


автор: Баян

Бөлүшүү