2021-05-0609:48

Эми Тоок уурдагандар Тоокту төгүп берип бошойбу

2021-04-18 12:50 667

Эми Тоок уурдагандар Тоокту төгүп берип бошойбу. Ушундай суроо коомчулукта пайда болду. Мунун келип чыгышы  “кусундуу” операциясынан улам чыкса керек. Миллиарддап жегендер миллиондоп төгүп жатса, миллиондоп жегендер миңдеп мамлекетке төгүп жатканынан келип чыкканы себепкер болгондур. Жакында Раим Матраимов эки миллиард сом акча каражатын мамлекетке салып берип кутулган. Тутулуп калуусуна шек жараткан Раиммиллиондун мүлкү чет өлкөдөн табылган эмес. Өзгөчө Дубайда анын мүлкү бар деген шыбыштарга чекит коюлгандай. КР ЖКнын депутаты Кубанычбек Жумалиев бир миллиард сомдук мүлкү мамлекетке өттү деген маалымат тараган. Эгерде ушундай жагдай жарала берсе, Тоок уурдагандар камалып, өлкөнү тоногондор тобу менен абактан чыга береби...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү