2021-05-0610:41

Кыргыз кызы, Италиялык актриса А.Өмүрбекова өз элине келди

2021-04-26 09:42 2685

Кыргыз кызы, Италиялык актриса А.Өмүрбекова өз элине келди. Аида Өмүрбекова 1968-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында “сулуулар сынагына” катышып, биринчилерден болуп Эгемендүү Кыргызстан өлкөсүнүн “Кыргыз чүрөгү” сынагынын баш байгесин жеңип алган. Таттыбүбү Турсунбаева эжебиздин алгачкылардан болуп ролун ойногон. Эл арасында Аида Өмүрбекованы Таттыбүбү эжебизге көп окшоштуруп келишет. Учурда жыйырма жылдан бери Италия өлкөсүнүн борбору Рим шаарында жашап келет. Ал Рим шаарындагы “Флавио” театрынын актрисасы, Санк-Петербург театр институтунун, профессор Димитрий Астрахан мастер классынын  бүтүрүүчүсү. Европа, бүткүл дүйнө жүзүн кыдырган талаттуу кыргыз кызы Аида Өмүрбекова өз өлкөсүнө, эл жерине келип, сагынычын таратып жаткан кези.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү