2021-05-0609:35

Өзгөндүктөр өзүнүкүн берген жок

2021-04-26 11:19 300

Өзгөндүктөр өзүнүкүн берген жок. Өрт экен. Өзгөн, Кара-Суу районунун тургундары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди эки айылдын тургундары, эки жолу  чакырды. Экөөнө тең  Ташиев жетип барды. Барары менен эки айылга эки башка сөз сүйлөп, эки жолу айныды. Кара-Суунун Савай айылынын тургундарына “Кемпир-Абад” суу сактагычынын чечилген 50% пайызынан  21%пайызга түшүргөн. Ал эми Өзгөн районунун “Ынтымак” айылына барганда суу сактагычты толугу менен сактап, Узбекистанга бербейбиз деп чыкты. “Башыңарды жулуп алам”, “мен кайсы жерде иштейм билесиңер”-деп, Ташиев элди коркутуп сүйлөгөнү менен жоон топ эл жоон билектүүдөн коркпой айбат көрсөттү. Мында бийлик элде экени билинди. Март айынан баштап апрелдин жыйырмасына чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5 жолу өзүнүн айтканын өзгөрткөн.

Алар:

ü 100% пайыз чечилди дегени чечилген эмес,

ü 100% гектар берем дегени 50гектар болгон,

ü 50 гектар берем дегени 21 гектарга түшкөн,

ü 21 гектарын 0 гектарга түшкөн.

ü Журналисттерге берген маегиндеги Кемпир-Абадды билбептирмин деген сөзүн каратып туруп танып кеткен...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү