2021-05-0610:31

2005-жылдын март, 2010 - жылдын апрель, 2020-жылдын октябрь революциясынын сабактары

2021-04-26 12:59 197

Журналист Куттумидин Базаркулов уюштурган 6- апрель 2021-жылы конференцияда - тарыхчылар, окумуштуулар, укук коргоочулар, апрель окуясында курман болгондордун жакындары, жарандык активисттер, журналисттер катышты.2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Ушул күнү Кыргызстан эли адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлгөн. Кылымдарды карыткан кыргыз эли майтарылбас кайратын, эркиндикти жана адилеттикти баарынан бийик тутаарын дагы бир ирет далилдеген. Тилекке каршы элибиздин калыс бийликти, адилет башкарууну орнотобуз деген ошондогу үмүтү акталбай, элдик революция максатына жетпей калды. Элдин кызыкчылыгы тебеленип, мурдагыдан да катаалүй-бүлөлүк режим орноп, мамлекеттин байлыгы тонолду. Баш көтөргөндөр куугунтукталып, бийлик айрымдарын өлтүргөндөн кайра тартпады. Марттагы элдик революция элдин келечегин көздөгөн асыл максаттар дайыма коргоого муктаж экенин далилдеди. Эгемендүү мамлекетибиздин соңку тарыхындагы алгачкы элдик революцияны эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. 2005-жылдагы март элдик революциясынан сабак алууга милдеттүүбүз.  Элдин эрки, апрель революциясынын шарапаты менен бизге экинчи ирет тарыхый мүмкүнчүлүк берилди. Ата-бабаларыбыз кыялданган, жаркын келечек үчүн курман болгон мекендештерибиз эңсеген коомду – адилеттүү, адам укугун урматтаган, эркин жана өнүккөн Кыргызстандык уруу милдетибиздин мойнубузда. Элдин ишенимине ээ болгондо гана бийлик күчтүү болот. Марттагы элдик революциянын сабактары бизди мына ушул бийик максатка багыттап, тура жолдон тайбагыла деп ар дайым эскертип турат. Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына быйыл 11 жыл болду.Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты. Бишкекте активисттер, окумуштуулар «Революциялардынсабактары» аттуу талкуу уюштурду. Коомдо апрель окуясы канчалык максатына жеткени, бийлик, эл андан кандай сабак алганы тууралуу суроолор коюлуп келе жатат. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт бийликке келген. «Революциялардын себеби – бул тура эмес жетекчилик, коррупция, жарандардын экономикалык оор абалы жана башкалар. Бирок революция кылууга бир түрткү керек. 2005-жылы да, 2010-жылы да митингдин катышуучуларына колдонулган курал революцияга түрткү болду. Биздин элдин адилеттүүлүк деген абдан курч сезими бар. Элге мындай мамиле кылбаш керек», - деди саясатчы, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов.   

24-март 2005-жылы, 7-апрель 2010-жылда жана 2020-5октябрь, революцияларда Кыргызстанда бийликти күч менен алмаштырууга мажбур кылган, мамлекеттик бийликке, анын жергиликтүү органдарына элдин нааразылыгы, элдин бийликке болгон ишениминин дээрлик кетиши, расмий бийликтин авторитардык режимге айланышы, коомдук, саясий турмушта коррупциянын топ алып, күчөшү, элдин социалдык-экономикалык абалынын начарлашы ошол мезгилдердин эң негизги маселелеринин бири болуп калган. Өлкөбүздүн, элибиздин, мамлекетибиздин келечеги эмне болот, канткенде тура башкаруу системасына өтөбүз деген суроо ар бир атуулдун жүрөгүн оорутат. Дал ошол маселелерди алгач 2005-жылы, андан болбогондон кийин 2010-жылкы Апрель, 2020-5-октябрь революциянын натыйжасы менен чечүүгө аракет болууда экенин эстен чыгарбообуз абзел. Кыргызстанда саясий, социалдык, экономикалык жана коомдук турмуштун абалы, алардын өнүгүү процессин, трансформацияланышын иликтөө өзгөчө көйгөйлүү маселелердин маанилүүсү жана негизгилери экени талашсыз факт.  Роза Отунбаевадан кийин Кыргызстанды башкарган үч президенттин ичинен Алмазбек Атамбаев камалып, Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти. Бул алардын бийликтен куулган Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тагдырынан сабак албаганы катары мүнөздөлүүдө. Азыр Кыргызстанды былтыркы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров башкарып жатат.                                               

Саясий серепчи Табылды Акеров бийликте тургандардын катачылыгы тууралуу мындай дейт: «Эмне себептен Кыргызстанда ыңкылаптар болуп жатат? Кыргызстанда саясатчылар, саясий элита авторитардык башкаруудан баш тарта албай жатат. Кимиси гана болбосун бийликке келгенден кийин авторитардык режим өткөрүүгө аракет кылып жатат». Акеров президент Жапаров демилге көтөргөн конституциялык реформа да коомдо талаш-тартыш жаратып койгонун кошумчалады. 2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. 7- Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы ДаниярҮсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Аларга сот чечими сыртынан чыккан. Күнөөлүүлөрдү Кыргызстанга экстрадиция жасоо аракетинен жыйынтык боло элек.Бакиев жана анын үй-бүлөсү Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. 2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге айып коюлган. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.    Сот түзүмүнүн реформасы 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынан кийин көңүлдүн чордонунда турган маселе болчу, Убактылуу Өкмөт бул маселени далай жолу талкуулаган. Анткени 2005-жылкы Март революциясынын дагы, 2010-жылкы Апрель революциясынын дагы  чыгуу себептеринин ичинен Сот акыйкаттыгынын жоктугу, күнөөсүз адамдардын саясий буюртма менен соттолушу, жарандык өз ара чатактарда акчалуулардын, бийликтеги азуулуулардын жараяны жүрүп, бей-бечералардын үнү угулбай, укугу корголбой калганы орчундуу орунда турган. Сот адилеттиги жоктон улам эл козголгон, нааразычылык күчөгөн. Бирок, тилекке каршы, мына ошол Сот адилеттигин камсыз кылуунун, Сот реформасын жүргүзүүнүн жолун тандоодо катачылык кетириптирбиз, калпыс түшүнүктөргө таяныптырбыз. Муну азыр моюнга алууга туура келет. Биз башкы басымды сотторду судьяларын тандоого жасап, ошол тандоону жана дайындоону жакшыртсак соттордун курамы тазарат, соттордун чечимдери адилет болот деген ишенимде элек. Мурдагы бийлик өздөрүнө жакын адамдарды, тууган-туушкандарды, акчалуу адамдарды гана сотко кызматка койгон, алар ошон үчүн айтканды айткандай аткарууга мажбур деп ойлогонбуз.                

Ошондуктан мурдагы заманда мыйзамсыз чечим чыгарган судьяларды иштен четтетүүгө да аябай көп көңүл бурдук эле.  Бирок иш биз ойлогондой болгон жок, теңирден тескери кетти.  Мына бүгүн деле Соттор бийлик кандай десе ошондой өкүм чыгарып жатышат,  тетирисинче судьялардын бийликтен көз карандылыгы ого бетер күчөп кеткендей болуп калды. Көрсө кеп тандоодо жана дайындоодо эмес экен. Кеп Сот түзүмүнүн өз алдынча бийлик бутагы катары калыптанышында экен, Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт кандай бийлик болсо Сот дагы ошондой эле бийлик болуп, алардан көз каранды болбой иштей турган шарттардын калыптанышында экен.


автор: Искендеров Ж. У.

Бөлүшүү