2021-06-1310:38

Башкы прокурордон  Президентке СМС келди

2021-05-10 09:27 7042

Башкы прокурордон  Президентке СМС келди. Өлкө башчысы Садыр Жапаровду ак үй алдындагы медицина кызматкерлери менен жолугушуусунда КРнын  башкы прокурору К.Зулушевден СМС келген. Анда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Тажиктердин кол салуусундагы Баткен жергесинде, бутуна тура албай мас акыбалында экендиги туурасында айтылган. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун түшүндүрмөсүндө, СМС келери менен министрге телефон чалган. Ал дароо алган эмес. Жарым сааттан кийин министр  Алымкадыр Бейшеналиев өзү чалып, мас болбой, кунандан соо экенин көрсөтүп, жарадарларды операция кылып жатканын, видеону айлантып далилдеп берген. Анын көрсөтмөсүнө Өлкө башчысы ишенип, учурдагы коррупция менен күрөшкөн алдыңкы министр экенин баса белгилеген. Элине “уу коргошун” ичкиле деген Алымкадыр мырза эл оозуна алынганын койбоду. Ошондо, башкы прокурор жөн жерден кыр издеп, министрди ушактаган болуп калабы...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү