2021-06-1311:36

КТРКнын жаңылыгы менен төбөбүз көккө жетет

2021-05-10 11:49 359

КТРКнын жаңылыгы менен төбөбүз көккө жетет. Ушул КТРК өз жаңылыктарын өздөрү бере берип, жыргай берет болуш керек. Алардын эфирин көрсөң, экономика өнүккөн заман. Анан эмнеге, мамлекеттик телеканал ушинтип өнүккөн өлкөнү берип жатса, мамлекетте жашаган жарандар кедей өлкөбүз дешет. Чындык КТРКдабы?...же калдайган калайык-калктабы?... Эгерде эл айтса, демек чындык элде. Ал эми КТРК жалаң Ак үйдүн тапшырмасы  менен иштегени өлкөнүн ити-битине чейин аныктыгын билет. КТРКнын эфири, кымбатчылык менен иши жок,жакырчылык өспөй, жыргап жашагандар көп, эфиринин көчүлүгүн кошоматчылар, жагампоздор түзгөнү көрүнүп  турат. Көбүнчө материалдар бир жактуу. Оппозицияны сүйлөтмөк турсун, кадрдан алып салуу тапшырмаларын да алышат. Ошондуктан КТРК “каражащик” аталып калган. Ушунда чыга албай келишет.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү