2021-06-1312:18

Аспековдун абактагы каты

2021-05-14 14:20 624

Аспековдун абактагы каты. Учурда үрөйдү учурган жазуу пайда болду. Анын автору Аспеков болсо, башкы каармандары мурунку, кийинки өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаров. Тактап, абактагы катка көз жүргүзсөк, абактагы Аспеков , өлкө башчы Садыр Жапаров бир тууган Жээнбековдар менен келишип алып, 10 млн доллар акча алгандыгы туурасында жазылган. Ал окуя Садыр Жапаров түрмөдөн чыгып, президент болом деген дымагында болгон. Өлкө башчылыкка жеңин түрүп киргенде, жең ичинен ушундай көрүнүштөр болгонун Аспеков жазып берген. Аспековга ишенгендер да арбын, ошондой эле ишенбегендер да бар. Аспековга ишенбейли десе, ошол учурда Аспеков Жапаровдун жанында жандап, оң колу болуп жүргөнү анык. Демек, чогуу жүргөндөрдүн шайлоодогу жүрүшү ушундай болгондур. Эх, шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт. Деги Жапаровдардын желин,  доканцалар өздөрү доканса кылмак болду....


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү