2021-06-1312:08

Элдин башы бирикти

2021-05-17 08:51 734

Элдин башы бирикти. Эл, элди ынтымакка чакырды. Чүй ынтымагынын координатору Азамат Музакеевдин айтуусунда өлкөнүн келечеги үчүн жалпы Кыргызстан өлкөсүнүн элинин биригүүсүнө бийлик себепчи болгон. Ага чек ара, кадрдык баш аламандык, Баткендеги кыргыз элинин кырылышы.. Эми Чүй ынтымагы, жалпы республикалык эл ынтымагын түздү. Буга жети дубандан Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Ыссык-Көл, Ош, Чүй, Талас элдери да кирди. Уюштуруучулардын кебинде, акыйкатсыздыкты, адилетсиздикти эл гана токтото алат. 2021-жылдын 15-майында Эл ынтымагы Байтик баатырдын күмбөзүнүн алдында чогулуп, Баткенде каза болгон 36 жарандын арбактарына багыштап куран окутушту. Куран окутууну митинг катары түшүнгөн бийлик, Ала-Тоо аянтына дежурный-кошундардын парадын өткөзгөн.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү