2021-06-1311:57

Сабатсыз бийлик, үч революциядан сабак алалбай жатат

2021-05-17 12:03 972

 Сабатсыз бийлик, үч революциядан сабак алалбай жатат. Бийликке келген  келгиндердин кесепетинен үч революция болгон. Эгер бийлик билимдүү, салабаттуу-салмактуу, эл-журттуу, элдик болгондо  мунун баары бир революция менен бүтмөк. Эгемендүүлүк алгандан бери эл менен бийликтин ортосунда ажырагандан ажырап бара жатат. Элдин башын бириктирейин деген бийлик сөрөйлөрдүн ойуна да келбейт. Мамлекеттик идеология элдик болуп иштей алган жок. Ушул күнгө чейин андай идея да жок. Логикалык ой жүгүртүү байкалбайт. Бийлик карапайым эл менен эмес көпөс-көпкөндөр менен биригип кетти. Ошонун айынан өздөрү көөп-көпөс болуп келип, ошонун эле азабын тартып келишет. Байлыктууларды бийликке тартуу менен алек. Жыйынтыгында кыжыры келген калк, бийликти тартып алып, кубалачуусун кубалап, эл катарынан чыгарып жатат. Көпчүлүк калкка аралашайын дегендери менен элге батына албай, батпай келишет. Алардын атын атап айтканда эмине, аны эл билет. Сабатсыздыктан акыйкатсыздык алкып, адилеттүүлүк болбойт. Муну албетте эл көтөрө албай, андайда көтөрүлүш чыгышы мүмкүн.


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү