2021-06-1310:49

“Эл ынтымагы” бийликке талап койду

2021-05-26 12:27 1000

“Эл ынтымагы” бийликке талап койду

 

“Эл ынтымагы” тегерек стол пресс конференциясынын учурда иштеп жаткан бийликке болгон Республиканын жети дубанынан келген өкүлдөрүнүн, тогуз партиянын, коомдук уюмдардын, революция баатырларынын, чоң казат кыймылынын мүчөлөрүнөн түзүлгөн “Эл ынтымагынын” негизги талаптары:

1.      Суу башындагы өлкөбүз Кыргызстан суу башы эч кимге берилбесин “Орто-Токой”, “Кемпир-Абад”, “Камбар Ата” суулары, Чек булактары өлкөдө калтырылсын

2.      Мамлекеттик жерлерди соодалашуусу токтотулсун

3.      Чек арадагы чырды ырбатпай, бийлик аларга кам көрсүн

4.      Чек ара маселесиндеги өлкөлөр аралык (Өзбекистан, Таджикстан) протоколдорду элден жашырбай ачыкка чыксын

5.      Люстрация маселеси жандансын

6.      Баткен окуясындагы 36 жарандын шейит кеткенине баа берилип, күнөөкөрлөр жазалансын

7.      Камбар-Ата ГЭСин өлкөбүз өзү курсун

8.      Жаңы иштеп жаткан баш мыйзам кайра каралсын

9.      Сөз эркиндигине, эркин сүйлөгөн саясатчыларга кысым токтотулсун

10.  Кумтөр өз нугунда иштеп келүүсү токтотулбасын, улутташтырылсын

11.  Баткендеги контрабанда токтотулсун, ага шектелгендер ачыкталып жоопко тартылсын

12.  Шайлоолордо добуш сатып алуу токтосун, эл добушка ээ болсун

13.  Бийликти эл көзөмөлдөсүн, бийлик элде экенин белгиленсин

14.  Кадр маселесинде достордун көз карашы токтотулсун, тажрыйбалуу кадрлар келсин

15.  Саясий куугунтукталган Жеңиш Молдокматов, Абдил Сегизбаев, Амангелди Артыковдордун баш кароо чарасы каралып,  чыгарылсын

16.  Миллиондогон жумуш ордун түзүп берген Россия өлкөсү стратегиялык өнөктөш экендиги белгиленсин

17.  Октябрь окуясына баа берилип, Үмүттүн өлүмүнө шектүүлөр жоопко тартылсын;

18.  УКМКнын жетекчиси К.Ташиевдин кызмат абалы каралсын

19.  Кен байлыктар, ага берилген лицензиялар көзөмөлдөнсүн

20.  Мамлекеттик мүлктөр мамлекетке калтырылсын

21.  Улуттук мамлекеттик идеология кабыл алынсын

22.  Бийликтин фейктери токтотулсун

23.  Инвесторлор өзүбүздөн чыксын

24.  С.Жээнбековдун макамы алынсын

25.  Чек ара кызматында иштеп келген, учурдагы Баткен областынын ыйгарымдуу өкүлүнүн мамлекеттик ишмердүүлүгү текшерилсин

26.  Мурунку вице-пример министр Ж.Раззаковдун ишмердүүлүгү толук текшерилсин;

27.  Казинолор иштетилбей жабылсын

28.  Мурунку УКМКнын, МВДнын жетекчилери Опумбаев, К.Жунушалиевдер мамлекеттик кызматтарын таштап кеткендиктен жоопко тартылсын

29.  Элди тоногон Банктардын пайызы төмөндөтүлсүн.

 

 

 


автор: Эл ынтымагы

Бөлүшүү