2021-06-1311:30

Кыргызстандагы 29 электр энергиясын бөлүштүрүү компаниялары калтырылыш керек

2021-05-26 14:14 918

Кыргызстандагы 29 электр энергиясын бөлүштүрүү компаниялары калтырылыш керек. Мындай билдирүү менен тажрыйбалуу сересепчилер белгилеп келет. Алардын айтуусунда ортомчу аталган компаниялар эл менен электр энергияга көпүрө болуп, кызмат көрсөтүп келе жаткан компаниялар,электр  энергиясы чыккан Электр станциясынан 50 тыйындан чагып жатса, аны аталаган ишканалар 1 сом 10 тыйындан сатып алышат. Ошондо өлкө бюджетине  60 тыйындан башкача  айтканда эки эсе пайда-киреше киргизишет. Экономикалык  жактан көпүрө компаниялары, учурда учурдун талабындай, мамлекетке пайдалуу ишти алып барып жатат.Ачык айтыш керек, кээбир экономист,адис сөрөйлөр бул компанияларды жабуу аракетине чара көрүп, мамлекеттик машинанын башын айландырууга өтүшүүдө. Көзгө көрүнүп турган Электр тармагындагы мамлекеттик аталган төрт чоң ишканалар көзгө сайылып, олчойгон чыгашаларды алып келип жатса да чыгымдарда көргүсү келбей, көрмөксөнгө салганы, коррупция бар экени ачык көрүнүп турат. Жашырылган жемкорлук 29 бөлүштүрүү- көпүрөө компанияларда эмес, мамлекеттик чоң станцияларда экени маалым. Дагы бул маселеге анализдөө менен кайрылабыз.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү