2021-06-1311:18

Убактылуу бийликке убакыт келе элекпи...

2021-05-27 14:03 523

Убактылуу бийликке убакыт келе элекпи... 2010-жылдагы июнь окуясы жакындап келе жатат. Ошол жылга ушунда баа берилип, андагы убактылуу бийликтин мүчөлөрүнө кылмыш иши козголгон. Козголгону менен ал иш козголуп койгону жок. Чындыгында эле, андагы окуяларга азыркы отурган бийликтегилердин да катыштыгы барбы. Эгерде эч кимди эсинен чыгып кетпесе 2010-жылдагы өлкө президенти Роза Отунбаеванын “эгерде ал окуяны  козгосо, сырдуу сандыктын бети ачылат, аны ачпасын”- деген азыркы бийликтегилерге эскертүү берген жагы бар. Ошондой эле, ошондогу сырды дагы бир аты-жөнү такыр айтылбаган бир адам бар деп айтылып келет. Мүмкүн ал сырдуу адам, ошол эле жылдагы УКМКнын төрагасы Дүйшөбаев болуп жүрбөсүн. Айтор, андагы кутуча азырынча ачылбайт окшойт. Ачылса, анда көрүшөбүз дегендей  убактылуу бийлик өкүлдөрү күчтөрүн чыңдап, чыңалууга алып келебиз деген кербездери.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү