2021-06-1312:12

Илинчеги барлар Сариев, Суракматовдор илинди

2021-05-27 15:16 1321

Илинчеги барлар Сариев, Суракматовдор илинди. Акыркы күндөрү “Солто” урууларын чогултуп, бийликтин оң-солуна чыгып жүргөн саясатчы Темир Сариев камалды. Камалганы капысынан болгон жок. Болгондо да, эгемендүүлүк алгандан бери дүйнөлүк афёрага айланды делген “Кумтөр” көйгөйү көмөлөнтө чапты. Эми дагы кимдер анын аркасынан абака түшөт. Бул суроо жаратып турган мезгил. Ар бир нерсенин өзүнүн убакыт сааты болот. Сааты келгенде,Жээнбековдардын күйөө баласы аталып, Бишкек шаарынын мэри болгон Суракматов да сурактан кийин абактан чыкпай калды. Ал дагы камакта. Учурда мындай көрүнүштү эл кубаттап, азыркы бийликке деп-күч берип турган учуру. Канчалык жемкорлордун желин чыгарган сайын, бийликтин кубаты бекемделүүдө.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү