2021-06-1310:54

Бир тууган Жээнбековдордун жегени эми чыгабы...

2021-06-01 15:33 769

Бир тууган Жээнбековдордун жегени эми чыгабы... Буга кечээ кечинде мурунку өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун абакка камалышы жемкорлукка жем таштады. Эске сала кетсек, мындан эки күн мурун эле Сооронбай Жээнбеков 10 млн доллар боюнча Мелис Аспековду сотко бергени туурасында жактоочусунан билдирген эле. Келме-кезек, терме-тезек болуп, абактагы кезек бир тууган Жээнбековдорго келдиби? Инисин артынан агасы да камалабы... буга топтошкон элдин тобу кулак түрүп жатат. Өзгөчө Атамбаевдын кланы Россиядан бери карап турганы айтылып калууда. Башкысы өлкө башчысына чейин досун көтөргөн Алмаз Атамбаевдин назары Сооронбай Жээнбковго тийбесе болду ...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү