2021-06-1310:42

Уйкучу Соке уктап жатат

2021-06-02 15:02 676

Уйкучу Соке уктап жатат. Андай уйкуга батканы менен бир тууган иниси, иши менен өнөктөшү Асылбек Жээнбеков эки айга темир тор бетиндеги түрмөгө камалды. Жактоочусунун айтканы боюнча Асылбек Жээнбеков Кумтөрдүн алтындарынын азабынан. Эми алтындарды кантип  алган же алган эместиги, мүмкүн күнөөсү жок күнөөлөнүп жатабы? Буга тергөө тергеп, сот гана чекит коёт. Ал эми агасы Сокенин уктап жатканы,бул чындык окшойт. Анысын Сооронбай Жээнбековдун иниси камалып, Кара-Кулжалык жердештери көтөрүлүп митинге чыкса, Сокенин бар-жогу билинбей, үн катпай турганынан, камырабаганынан кош уйкусун билсе болот. Мүмкүн түш көргөн түшү менен алышып жаткандыр. Ачыгын айтканда, элдин көпчүлүгү бийликти кош колдоп турат.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү